Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар саясий диалогду өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле парламенттер аралык диалог өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүдө маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин карап чыгып, эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-швейцариялык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар