Башкы беткеМаданиятКайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды

Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 22-октябрда кыргыз опера искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркум менен коштошуу аземи Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында башталып, андан соң театрдын имаратынын алдындагы аянтта уланды. Зыйнатка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери, жакындары жана анын чыгармачылыгын баалаган мекендештер катышып, залкар таланттын жаркын элесине таазим кылышты.
Аза күтүү аземинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, КР эмгек баатыры, Кайыргүл Сартбаеванын кесиптеши Муратбек Бегалиев жана маркумдун иниси Касымбек Бакиров сөз сүйлөп, анын кыргыз маданиятына кошкон зор салымын белгилешти.
Кайыргүл Сартбаеванын дүйнөдөн кайтышы улуттук маданиятыбыз жана Кыргызстандын опера искусствосу үчүн орду толгус жоготуу болду. Анын кайталангыс үнү, бийик аткаруучулук чеберчилиги жана искусствого болгон ак дилден берилгендиги кыргыз музыкасынын тарыхында өчпөс из калтырды.
Маркумдун сөөгү мамлекеттик «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар