Башкы беткеСаясатКыргыз тилин чет өлкөлөрдө сактоо маселеси талкууланууда

Кыргыз тилин чет өлкөлөрдө сактоо маселеси талкууланууда

Кыргыз тилин чет өлкөлөрдө сактоо, үйрөтүү жана өнүктүрүү, анын кийинки муундарга жеткирилишин камсыз кылуу маселелерине арналган эл аралык форум өтүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты — чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын арасында эне тилди сактоо, кыргыз тилин окутуунун натыйжалуу жолдорун аныктоо жана эл аралык тажрыйба алмашуу аркылуу тилди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо.

Форумга ар кайсы өлкөлөрдөн келген окумуштуулар, тил изилдөөчүлөрү, педагогдор, котормочулар жана кыргыз тилин өнүктүрүү багытында иш алып барган адистер катышууда. Катышуучулар кыргыз тилинин чет өлкөлөрдө окутулушу, улуттук тилдик мурасты сактоо, заманбап билим берүү ыкмаларын колдонуу жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу маселелерин талкуулашууда.

Программага ылайык, форумдун алкагында кыргыз тилин окутуу жана жайылтуу боюнча илимий баяндамалар, практикалык тажрыйбалар жана тематикалык талкуулар уюштурулууда. Өзгөчө чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз балдарына эне тилин үйрөтүү, кыргыз тилиндеги билим берүү материалдарын көбөйтүү жана тилди күнүмдүк турмушта колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине көңүл бурулууда.

Эне тил — элдин тарыхын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын жана руханий мурасын камтыган негизги байлык. Аны чет өлкөлөрдө сактоо жана өнүктүрүү мекенден алыс жашаган мекендештер үчүн гана эмес, кыргыз тилинин келечеги үчүн да маанилүү милдет болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар