Башкы беткеПарламент жаңылыктарыМарлен Маматалиев Жапониянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы менен жолугушту

Марлен Маматалиев Жапониянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Жапонияга расмий сапары башталды. Сапардын алкагында ал Токио шаарында Жапониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Эйсукэ Мори менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров, Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Бурул Аманова, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Максат Алымбеков жана Эрулан Кокулов катышты.

Тараптар кыргыз-жапон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүү боюнча пикир алышты.

Марлен Маматалиев эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын декабрь айында Жапонияга жасаган расмий сапары жана «Борбордук Азия + Жапония» диалогунун биринчи саммити эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берген.

Жогорку Кеңештин Төрагасы парламенттик дипломатиянын ролуна токтолуп, кыргыз-жапон депутаттык достук тобунун ишин белгиледи. Ошондой эле тармактык комитеттердин жана парламенттердин аппараттарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана парламенттик ишти уюштуруу жаатында тажрыйба алмашуу сунушун билдирди.

Жолугушууда социалдык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери да талкууланды. Марлен Маматалиев Жапониянын Өкмөтүнө жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргызстанды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Жапониянын көмөгү менен Кыргызстанда жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана кадрларды даярдоо багыттарында долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ошондой эле быйыл 20 жылдыгы белгиленип жаткан JDS программасы аркылуу жүздөгөн кыргызстандык жаштар Жапониянын алдыңкы университеттеринде билим алганын, алардын көбү учурда мамлекеттик органдарда, анын ичинде Жогорку Кеңеште иштеп жатканын айтты.

Мындан тышкары, Төрага Жапониянын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун маанисине токтолду. Анын белгилешинче, долбоор жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кыргыз продукциясын эл аралык рынокко чыгарууга өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Эйсукэ Мори акыркы жылдары кыргыз-жапон алакалары динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын парламенттик делегациясынын расмий сапары эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө салым кошоруна ишеним билдирди.

Ал өкмөттөр аралык байланыштар менен катар парламенттердин өз ара аракеттенүүсү да маанилүү экенин белгилеп, Жогорку Кеңеш менен тыгыз кызматташууга, депутаттык достук топторунун өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.

Жолугушууда мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу парламенттик диалогду активдештирүү маселелери да көтөрүлдү. Соңунда Эйсукэ Мори Марлен Маматалиев баштаган кыргыз делегациясын Жапониянын Өкүлдөр палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар өтүүчү залдарын көрсөттү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар