Бүгүн, 23-октябрда Ананьево айылында ак илбирсти жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды коргоого багытталган «Ак Илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борбору ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов катышты.
Иш-чарада Адылбек Касымалиев ак илбирстин Кыргызстандын улуттук символдорунун бири катары өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, ак илбирс тоо жаратылышынын улуулугун, кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаңы борбордун ачылышы ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактоодогу маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Борбордо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү жана жаныбарларды реабилитациялоо үчүн шарттар түзүлөт. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Адылбек Касымалиев долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы жана Кыргызстан менен Татарстан Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого көрсөткөн колдоосу үчүн Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирди.
Долбоордун негизги максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жоголуп кетүү коркунучунда турган ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылуу.
Борбор сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды изилдөө, алардын генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоо жана популяцияларын калыбына келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу багытында иш алып барат. Бул үчүн илимий-изилдөө, ветеринардык жана реабилитациялык инфраструктура түзүлөт.
Долбоорду ишке ашыруу эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого, илимий маалыматтар жана практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле жапайы жаратылышты коргоо жаатындагы квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.



