Бүгүн дүйнө жүзүндө Ак илбирстин эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул дата сейрек кездешүүчү жаныбарды коргоого, браконьерликке каршы күрөшүүгө жана бийик тоолуу экосистемаларды сактоого коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.
Ак илбирстин эл аралык күнү 2013-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарында өткөн Ак илбирсти сактоо боюнча биринчи Бүткүл дүйнөлүк форумда негизделген. Анда жырткыч байырлаган аймактагы 12 өлкөнүн өкүлдөрү Бишкек декларациясына кол коюшкан.
2024-жылдын декабрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 23-октябрды Ак илбирстин эл аралык күнү катары расмий жарыялаган.
Франция Кыргызстан менен биргеликте ак илбирсти коргоого кызыкдар. Франциянын Кыргызстандагы Элчилигинин маалыматына ылайык, бул дата сейрек кездешүүчү жаныбарды жана анын тоолуу жашоо чөйрөсүн сактоо үчүн аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн эске салат.
Ак илбирсти коргоо темасы француз изилдөөчүлөрүнүн чыгармачылыгында да чагылдырылган. Жазуучу Сильвен Тессон жана фотограф Винсент Мунье Тибеттин бийик тоолуу аймактарына экспедиция уюштуруп, сейрек кездешүүчү жырткычты изилдешкен. Алардын сапары «Ак илбирс» китебинде жана экспедиция тууралуу материалдарда баяндалган.
Мындан тышкары, Франция тоолуу аймактарды жана алар менен байланышкан тузсуз суу экосистемаларын коргоо боюнча эл аралык демилгелерге да катышууда. Ушул багыттагы иш-чара 2026-жылдын 27-октябрында COP17 алкагында өткөрүлөрү белгиленген.
Ак илбирс — Кыргызстандын жаратылыш байлыгынын жана тоо экосистемаларынын маанилүү символдорунун бири. Аны сактоо жаратылышты коргоону гана эмес, келечек муундар үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү жана тоолуу аймактардын экологиялык тең салмактуулугун камсыздоону да билдирет.



