Бүгүн, 23-октябрда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде атайын каражаттардын эсебинен курулган жаңы имараттар пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр университеттин жетекчилигин жана жалпы жамаатын жаңы объектилердин ачылышы менен куттуктап, алардын илим менен билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи. Гульзат Исаматованын айтымында, илимий-изилдөө институтунун жана жаңы окуу корпусунун ачылышы өлкөнүн илимий-билим берүү потенциалын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
«Заманбап инфраструктура сапаттуу билим алууга, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана келечекте Кыргызстанды өнүктүрүүгө татыктуу салым кошо турган квалификациялуу адистерди даярдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деди министр. Ачылыш аземинин алкагында университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, билим берүү, илим жана спорт тармактарын өнүктүрүүгө багытталган бир катар объектилер пайдаланууга берилди.
Алардын катарында:
- 1150 орундуу илимий-изилдөө институту;
- 1200 орунга ылайыкталган беш кабаттуу окуу имараты;
- 500 орундуу ашкана;
- үч кабаттуу спорт залы;
- спорттук аянтча бар.
Жаңы объектилер заманбап талаптарга ылайык курулуп, студенттердин билим алуусуна, окутуучулардын иштөөсүнө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана спорт менен машыгууга шарт түзөт.
Университетте ишке ашырылып жаткан бул иштер жогорку билим берүүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө, заманбап билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга жана өлкө үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.



