Кыргызстанда пенсияларды жарандардын кайрылуусуз автоматтык түрдө дайындоого мүмкүндүк берген жаңы маалыматтык система этап-этабы менен киргизилүүдө. Эми пенсия курагына жеткен жарандар Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына барып, арыз жазып, документ чогултууга муктаж болбойт.
Бул тууралуу Социалдык фонддун Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Руслан Асанбеков билдирди.
Анын айтымында, жаңы система жарандардын пенсия курагына жеткенин автоматтык түрдө аныктап, эмгек стажы жана камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу маалыматтарды мамлекеттик маалымат базаларынан чогултат.
Пенсиялык иш кагаздары автоматтык түрдө түзүлүп, жаранга «Түндүк» тиркемеси аркылуу билдирүү жөнөтүлөт. Анда пенсия алуу үчүн банкты тандоо сунушталат. Банк тандалгандан кийин керектүү маалыматтар Социалдык фондго автоматтык түрдө өткөрүлөт.
Бул иштер пенсия курагына жетүүгө болжол менен бир ай калганда башталат. Натыйжада мурда 10–30 күнгө, айрым учурларда беш айга чейин созулган процесс бир күндүн ичинде бүткөрүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, жаңы система 53 райондук башкармалыктын маалыматтарын бирдиктүү базага бириктирет. Мурда маалыматтарды синхрондоштуруу 10–12 саатка чейин созулса, азыр 3–5 секундду гана талап кылат.
Ошондой эле пенсиялык төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүү жолго коюлуп, система өлкөдөгү 18 банк жана «Кыргыз почтасы» менен интеграцияланган.
Жаңы платформа кызматкерлердин ишин да жеңилдетет. Отчетторду автоматтык түрдө бир нече секундда түзүп, Excel форматында даярдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, жаңыланган система жарандарга кызмат көрсөтүүнү тездетүүгө, бюрократияны жана кагаз иштерин кыскартууга багытталган.

