Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулат

Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулат

24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыйын ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толушуна карата уюштурулуп, “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураан алдында өтөт. Иш-чара Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын бири болуп саналат. 

Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана уюмдун туруктуу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Жолугушууда эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ШКУ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине даярдык көрүү маселелери талкууланат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар