Кыргызстанда алтыгана (карагана) баскан жайыттарды калыбына келтирүү жана бул өсүмдүктү мал азыгына пайдалануу боюнча илимий-тажрыйбалык долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун максаты – деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү, малды сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү.
Долбоор Борбор Азиянын Айлана-чөйрө экологиясы боюнча илимий-изилдөө борбору менен Кытай Илимдер академиясынын окумуштууларынын биргелешкен изилдөөсүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Адистер алтыгананы кайра иштетип, андан биологиялык тоют өндүрүүнүн технологиясын сыноодон өткөрүп жатышат.
Учурда Суусамыр жайлоосунда практикалык эксперимент жүргүзүлүүдө. Анын алкагында алтыгана кыйылып, атайын техника менен майдаланып, кайра иштетилип, биожем даярдалууда. Адистер анын сапатын жана мал чарбачылыгында колдонуу мүмкүнчүлүгүн баалап жатышат.
Министрликтин алдын ала эсебине ылайык, долбоор ийгиликтүү ишке ашса, жылына 230 миң тоннага чейин алтыгана негизиндеги тоют чийки затын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул кышкы тоют тартыштыгын азайтып, жайыттардын экологиялык абалын жакшыртууга жана мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзөт.



