Башкы беткеСаясатУстаранын мизинде оодарылган дүйнө же тышкы саясаттын башкы багыттары  

Устаранын мизинде оодарылган дүйнө же тышкы саясаттын башкы багыттары  

Редактордун колонкасы

     Президент Садыр Жапаров Тышкы саясаттын жаңы Концепциясын бекитти (28-июль, 2026-ж. №268 Жарлык). Бул Кыргызстандын тышкы саясий багытын аныктаган стратегиялык документ. Мурдагы концепция деле жакында, тагыраагы 2019-жылы кабыл алынган. Анда пандемиядан дайын жок, Ооганстанда бийлик алмаша эле. Орус-украин жаңжалы, туташ санкциялар, гибриддик кармаштар саналуу гана саясатчылар менен аналитиктердин санаасында болчу. Климаттык дипломатия, санарип коопсуздук, технологиялык конкуренция, транспорттук жана энергетикалык альтернативалар 2019-жылдагы концепцияда алдыңкы планда эмес эле. Ал АКШ–Иран кармашы, Ормуз кысыгы, дүйнөдөгү нефть кризиси керектүү заттардын булактарын жана аларды жеткирүүнүн кошумча жолдорун табууга мажбурлап отурат.

 

7 жыл өтө электе тышкы саясаттын ченемдик-стратегиялык негиздерин аныктаган жаңы документтин кабыл алынышы зарылчылык. Устаранын мизинде оодарылган чиркин дүнүйө. Эл аралык абал кескин өзгөрүүдө. Ири мамлекеттер жана таасирдүү оюнчулар ортосунда таймаш күчөдү, жамааттык коопсуздуктун механизмдери алсырады, экономикалык, финансылык, технологиялык аспаптар геосаясий басым-кысымдын каражатына айланууда. Эл аралык укуктук негиздери эске алынбай калды. Согуштук жаңжалдар, санкциялар, соода чектөөлөрү, киберкоркунучтар, климаттык өзгшөрүүлөр жана миграция бир да өлкөнү кыйгап өткөн жок. Дүйнөлүк илимий институттардын эсеби боюнча согуштук чыгымдар акыркы он жыл ичинде абдан өсүп отуруп, 2025-жылы 2,887 трлн долларга жетти. Жарыша куралдануу бүгүн реалдуулук. Жаңжалдарга катышпаган, кан төгүлгөн аймактардан миңдеген чакырым алыс жайгашкан өлкөлөр да согуштардын кеспетин тартууда. Геосаясий жана геоэкономикалык кырдаал кескин өзгөрүп жатканда биздин өлкө эл аралык ишмердүүлүгүн учурдагы реалдуулукка ылайыкташтыруусу керек жана келечекте болмогу ыктымал шарттарды эске алышы абзел.

Эл аралык аренадагы прагматизм, тең салмактуулук жана ийкемдүүлүк Концепциянын башкы лейтмотиви. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзөөрүн соңку маегинде дагы бир ирет баса белгиледи. Бул Кыргызстандын башкы курсунан тайбайган туруктуу, жоопкерчиликтүү мамлекет экенндигин туюнтат. Дал ушул көп векторлуу саясат биздин сырт дүйнө менен мамилебиздин башкы парадигмасы. Бул ар кай тарапка чарпыла берүү дегендик эмес, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары үчүн кырдаалга жараша мамиле түзүүнү билдирет. Албетте, көп багыттуулуктун арасында Борбор Азия мамлекеттери менен мамилеге артыкчылык берилген; “Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинде салттуу жана стратегиялык өнөктөштөр артыкчылыктуу орунду ээлейт. Чектеш мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө, Борбордук Азия регионунда көп тараптуу диалогду жана кызматташтыкты кеңейтүү негизги мааниге ээ”. 2021-жылы Стамбулда өткөн түрк мамлекеттеринин саммитинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Борбор Азия – тынчтыктын аймагы” деген идеяны жарыялаганда бир тобу ишенген эмес эле. Коңшуларыбыз менен чек араларыбыздын биротоло аныкталышы аймактык кооперацияга жол ачты, ишенимди бекемдеди, тынчтык өкүм сүрүүдө. Приориттердин иерархиясы кескин өзгөргөн эмес: “Кыргыз Республикасы Азия, Европа, Түндүк Америка жана ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрү менен мамлекеттер аралык мамилелерди 3 өнүктүрүүдө, Африка, Латын Америка жана Кариб бассейни, Океания мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды жана кызматташтыкты кеңейтүүдө”. Министр Жээнбек Кулубаев былтыр жыл этегинде айрым эксперттер менен жолугушууда Бишкек тышкы саясатта туруктуулугун сактай турганын, Кыргызстан эл аралык аренада жоопкерчиликтүү мамлекет, сөзгө бекем, ишеничтүү өнөктөш экенин тастыктоого умтуларын билдирген эле.

Жаңы Концепциянын орчундуу өзгөчөлүктөрүнүн бири – анын улуттук кызыкчылыктарга негизделгендигинде. Концепцияда ведомстволук милдеттерге эмес, приоритеттер менен принциптерге басым жасалган, Көз карандысыздыкты, суверенитетти жана территориалдык бүтүндүктү сактоо жана туруктуу өнүгүү принциптердин анабашы катары аныкталган. Калган маселелер ушул принциптердин жана баалуулуктардын айланасына бириктьирилгендиктен, документтин улуттук кызыкчылыктарга негизделгенин тастыктап турат. Бул жагдай улам өзгөрмө кырдаалга шайкеш аракеттенүүгө жол ачып, тышкы аренада ийкем аракеттенүүгө шарт түзөт.

Улуттук демекчи, маданий-цивилизациялык негизге басым жасалып, биринчи ирет “Манас” эпосу улуттук иденттүүлүктүн башаты катары тышкы саясий документте атайы белгиленип отурат. Руханий баалуулуктар иденттүүлүктун символу гана эмес, маданий- гумантардык дипломатиянын каражаты катары тышкы саясатта колдонулушу абзел экендиги көрсөтүлгөн.

Экономикалык дипломатияны күчөтүүгө айрыкча басым жасалган. Сырткы инвестицияларды тартуу, транспорттук-логистикалык түйүндөрдү түзүү, экономиканын өнүгүшү менен улам өскөн энергетикалык муктаждыктарды камсыз кылуу, экспорттук потенциалды кеңейтүү борбордук темалардын бири. Тышкы саясат экономикалык өнүгүүнүн жана элдин жыргалчылыгын камсыздоого кызмат кылууга багытталуу керектиги документте ачык көрсөтүлгөн.

Концепцияда Кыргызстан эл аралык аренада активдүү роль ойноого умтулушу керектиги да даана белгиленген. Албетте, Кыргызстан быйыл БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Бул аспекттен караганда талаш маселелерди, дүйнөлүк проблемаларды чечүүгө катышууга жана чакан мамлекеттердин кызыкчылыктарын сүрөөгө эң сонун, кайра-кайра колго тийиши күмөн шарт түзүүдө.

Тышкы саясатта ырааттуулук абдан маанилүү. Бишкек Бириккен Улуттар Уюмун дүйнөлүк эң курч көйгөйлөрдүн чечимдерин издөөнүн универсалдуу механизми катары эсептеп келген. Жападан жалгыз, универсалдуу жана легитимдүү глобалдык уюм БУУнун Уставын бекем колдойт. Концепцияда учурда заманбап чакырыктардын шартында анын натыйжалуулугун жогорулатууну болжолдогон БУУну реформалоону жактай тургандыгы да айтылган.

Тоо жана климаттык маселелерде, суу дипломатиясын жүргүзүүдө Кыргызстан лидерлик позицияга умтулушу кажет. Биздин буга чейин да дүйнөлүк масштабдагы демилгелерибиз, алгылыктуу идеяларыбыз бар. Эмки жылы өтө турган Бишкек+25 глобалдык тоо саммити да Концепцияда белгиленген тоо-суу дипломатиясынын ишке ашыруунун аспабы.

Концепция кабинеттеги чакан топ эмес, диплоаматтар менен адистердин кеңири курамы, ал тургай илимий институттардын катышуусу менен даярдалган олуттуу документ экендиги жакшылап окуган кишщиге дароо байкалып турат. Ошентип, президент Садыр Жапаров бекиткен тышкы саясий концепция биздин өлкөнүн өнүгүшүнө, анын эл аралык аброюнун жана таасиринин жогорулашына багытталган тышкы саясий кызыкчылыктарын камтыйт.

Стратегиялык документ жакшы, бирок аны ишке ашыруу ресурстук, жана институционалдык зор потенциалды талап кылат. Кээдле акча бар, акыл жетишпей калган учурлар болот. Буга тарых күбө. Андыктан интеллектуалдык потенциалды чыңдоо талашсыз милдет. Маселен, эртең эле Борбор Азияда суу талашы күчөйт. Демек суу дипломатиясы, суу укугу боюнча мыкты адистердин муунун даярдоо керек.

Андан тышкары, Концепцияны сапаттуу ишке ашыруунун конкреттүү, мөөнөттөрү, индикаторлору так аныкталган планы керек.

Үчүнчүдөн, эл аралык жана тышкы экономикалык демилгелерди баалоонун, жүзөгө ашыруунун жана пайдалануунун системасы болушу абзел.

Ал эми Концепцияны ишке ашыруу процессинде түпкү максатка жетүү үчүн кырдаалга жараша түзөтүүлөрдү киргизип туруу да зарыл.

Алмаз Кулматов, башкы редактор

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар