Кыргызстанда көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданий мурасын жана анын бүгүнкү илимдеги ордун изилдөөгө арналган эл аралык талкуу өтүп жатат.
Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда уюштурулган “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” конференциясынын алкагында уюштурулууда.
Конференциянын багыты жана талкуулана турган илимий темалар тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө арналган брифингде берилди. Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышты.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын билдирүүсүнө караганда, иш-чарага 28 мамлекеттен окумуштуулар жана тарыхый-маданий мурастарды изилдеген адистер келген.
Конференциянын жүрүшүндө көчмөндөрдүн тарыхый өнүгүүсү, алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы, маданий мурастарды сактоо жана бул багыттагы заманбап илимий изилдөөлөрдүн келечеги талкууланат.
