Home Көчмөндөр оюндары CNN: Кыргызстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттун жана маданий диалогдун феноменине айланды

CNN: Кыргызстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттун жана маданий диалогдун феноменине айланды

0
69

Дүйнөнүн белгилүү басылмалары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана андагы спорттун өзгөчө түрлөрүн чагылдырууну улантууда. CNN каналы Чолпон-Атада өткөн көчмөндөр оюндарына жана андагы америкалык ковбойлордун катышуусуна арналган “Сиз укпаган эң кызыктуу спорттун күтүлбөгөн жылдыздары — америкалык ковбойлор” аттуу көлөмдүү макала жарыялады.

CNN телеканалы Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын маданият жана спорт дүйнөсүндөгү өзгөчө кубулуш катары баалады. Басылма аталган иш-чара жөн гана мелдеш эмес, көчмөн элдердин миңдеген жылдык тарыхын, каада-салтын жана улуттук духун кайра жанданткан масштабдуу феноменге айланганын белгилейт.

Макалада Чолпон-Атада өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү мелдеши өзгөчө сүрөттөлүп, оюн өзүнүн жогорку ылдамдыгы, күчтүү кармашы жана чабандестердин ат үстүндөгү чеберчилиги менен айырмаланары белгиленген.

“Бул — Борбор Азияда кеңири белгилүү болгон Кыргызстандын улуттук оюну — көк бөрү. Оюн өзүнүн жогорку ылдамдыгы, күчтүү күрөшү жана чабандестердин ат үстүндөгү чеберчилиги менен айырмаланат. Ал эми АКШда жашаган, өздөрүн христиан ковбойлору деп атаган чакан топ бул оюнга өзгөчө кызыгып калган”, – деп белгилеген CNN каналы.

CNN америкалык командага өзгөчө көңүл бурган. АКШнын Юта штатынан келген тогуз фермер жана родео спортчусу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга 6,6 миң чакырымдай жол басып келишкен. Алар мелдешке катышуу үчүн үй-бүлөсүнөн жана чарбасынан эки жумага алыстап, жол кире, жабдык жана башка чыгымдарга дээрлик 100 миң доллар короткону жазылган.

Америкалык команда Көчмөндөр оюндарына 2014-жылдан бери катышып келет. Бирок буга чейин бир да жолу жеңишке жетише электигине карабастан, команда Кыргызстанга кайра-кайра келип жатканын CNN белгилеген.

Макалада көк бөрүнүн кыргыз маданиятындагы ордуна да токтолуп, оюн миңдеген жылдардан бери Борбор Азия элдеринин салты менен байланышып келери айтылат. Ошондой эле ЮНЕСКО көк бөрүнү адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын өкүлчүлүк тизмесине киргизгени эскерилет.

CNN Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт менен гана чектелбегенин белгилеп, анда 112 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышканын жазган. Мелдештер менен катар 600дөн ашуун маданий иш-чара өткөнүнө да көңүл бурган.

Euronews дагы “Кыргызстан: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тарыхты жандандырууда” аттуу репортаж жарыялады. Анда басылма Кыргызстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөндү азыркыга кайра кайтарууда, бийлик салттуу кол өнөрчүлүк жана искусство айылын түбөлүккө сактап калууга ниеттенүүдө деп жазды.

“Бул жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктаганы менен, анын таасири Борбор Азия аймагында али бир топ убакытка чейин сезилип тураары шексиз. «Бишкек Аренада» өткөн салтанаттуу ачылыштан кийин мелдешке катышкан 110 өлкөнүн 3 000ден ашуун спортчусу популярдуу туристик багыт болуп саналган Ысык-Көл аймагына, көл жээгиндеги аянтчага которулушту. Салттуу ат оюндары жана жаа атуу боюнча мелдешти Кырчын капчыгайынын ар бир бурчунан көрүүгө мүмкүн болду. Атаандаштар бири-биринин күчүн жана чапчаңдыгын сынап жатышса, келген меймандар байыркы айылга түшүп калгандай сезимдерди баштан өткөрүштү”, – деп белгилеген Euronews.

Айылдын каршысында байыркы чептин реконструкциясы жайгашып, анын ичинде базар иштеп турду: бул жерден акробаттар трюктарды көрсөтүп, кыжылдаган байыркы шаардын кайнаган атмосферасын сезүүгө мүмкүн болгондугуна да өзгөчө көңүл бурулган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here