Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда» аттуу кыргыз-кытай инвестициялык форуму өттү.

Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков сөз сүйлөп, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташтыктын маанисине токтолду.

Анын айтымында, президенттер Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин көңүл буруусунун аркасында Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.

Расмий маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдары Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү болжол менен 1,85 млрд долларды түзгөн.

Форумда соодага негизделген кызматташтыктан инвестициялык жана өндүрүштүк кооперацияга өтүү маселеси талкууланды. Анын ичинде өнөр жайды локалдаштыруу, энергетика жана «жашыл» экономика, айыл чарба жана кайра иштетүү, санариптештирүү жана инновациялар багыттары каралды.

Ошондой эле «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу эки өлкөнүн кызматташтыгындагы жаңы этап катары белгиленди. Долбоор Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган жаңы экономикалык коридорду түзүүгө жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Форумдун алкагында транспорттук-логистикалык потенциалды өнүктүрүү, сооданы санариптештирүү жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча панелдик сессиялар өттү. Мындан тышкары, кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар уюштурулуп, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Эрлист Акунбеков форум жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар