Башкы беткеКоомКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда жаңы тоннель казылып бүттү

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда жаңы тоннель казылып бүттү

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүндө “Кош-Добо Түндүк №2” тоннелинин курулушундагы казуу иштери аяктады.

Бул тууралуу “Жэньминь жибао” Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясына шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жолдуу тоннелдин узундугу 209,6 метр, ал эми жер астындагы эң терең жери 41 метрди түзөт. Курулуш белгиленген мөөнөттө аяктап, коопсуздук жана сапат талаптары сакталган.

Ошондой эле башка объектилерде да иштер уланууда. Анын ичинде “Нарын №1” тоннелинин курулушунда олуттуу жылыштар бар.

Учурда темир жолдун бүтүндөй трассасы боюнча убактылуу кирүүчү жолдор жана электр менен камсыздоо объектилери курулуп бүттү. Мындан тышкары, 27 тоннель, 43 көпүрө, 88 жер иштетүү тилкеси жана 20 темир жол станциясынын курулушу башталган.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кашкардан башталып, Торугарт аркылуу Кыргызстандын аймагынан өтүп, Өзбекстандын Анжижанына чейин жетет. Темир жолдун жалпы узундугу 500 чакырымдан ашат. Анын 304,84 чакырымы Кыргызстандын аймагына туура келет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар