Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Жаңы-Талап айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 31 чакырым түндүктө жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Көк-Жар, Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылдарында 3 балл, Ак-Тал жана Сары-Иймек айылдарында 2,5 балл болгон.



