Кыргыз тарыхында чет өлкөлүк негиздеген эч бир династия болгон эмес
(В.Козодойдун негизги “беш өрдөгүнүн” айрымдарына кыска талдоо жана Ю Тайшандын ачылышына кыска сереп салуу)
Албетте, көөнө жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхына кылчайган жана атайын китеп жазууга белсенген ар кандай замандашты азыркы кыргыздар кучак жая тосуп алышат.
Ал эми илимден эч кабары жок кишилер “кыргыздар дарыя цивилизацияларынын тим эле бешинчисин түзүшкөн”, “кыргыздарды башкарган династия тим эле б.з.ч. I кылымдан – б.з. XVIII к.башына чейин жашаган”, – деп жазса эле, жетине албастан, мындай “беш өрдөкчү жомокчунун” бетинен беш өөп, ага аргымак ат мингизип (азыркы Украинага каршы согуш маалында Шиберде мунайзат таңкыспы, ким билет, бирок ат үчүн от табылаар), айтор, В.Бартольд, А.Бернштам, Ө.Караев, Ю.Худяков көрбөгөн сыйды көрсөтүп келишет.
(Баса, “жомокчу” деп кадырман манасчыларды аташчу, бул жерде биз “жалганды чындай баптаган, илимдин жолунун чаң каптаган четин гана таптаган”, чөнтөгүндө 1980–2010-жылдардагы Орусиянын Шибер аймагынын саясий тарыхы боюнча диссертацияны жактаган иши боюнча доктордук дипломун сактаган Виктор Козодойду гана айрыкча бөлүп көрсөтүп жатабыз).
Албетте, эч бир түрк тилдерин билбеген (көөнө түрк жана чыгыш булактарын мындай коёлу) жана этнографиялык, археологиялык ж.б. изилдөө жүргүзбөгөн Виктор Козодой мырза диванында жайгашып алып (“диван” – анын сүйүктүү сөзү), керек болсо дагы он чакты китеп жаза берсин, азыркы тапта кагаз да сан жеткис көп, басмаканалар жана сүрөөнчүлөр да көп. Бирок анын жазгандарында илимге коошпогон кандай олуттуу өңүттөр бар?
Гезиттик басылмаларда чоң маалыматты камтуу кыйын болгондуктан, айрым гана көйгөйлөр жаатында пикирибизди билдирүүгө тийишпиз.
- ДИНАСТИЯ ТУУРАЛУУ ЖАЛГАН КЕП
В.Козодойдун сыясы кургай элек “Шибер кыргыздарынын тарыхы” (“Цивилизация сибирских кыргызов: Конец I тысячелетия до н.э. –– начало XVIII века») деген эмгегинде “§7. Миң жылдык өкүм жүргүзгөн кыргыз династиясы” деп кашкайып жазылып турат. Балээнин бардыгы – темадагы чакырыктан башталат эмеспи.
Ушул сүйлөмдү окуп алып, эчкирип ыйлап, анын этегине намаз окуган чала сабат жердештерибиздин саны уй түгүнөн да көп экенине өкүнөбүз.
Династия (сулале) – баштапкы төбөлдүн бийлиги укум тукумуна өтчү жеке бийлик. Кээде мындай бийлик өкүмдардын кызына же бир тууганына деле өтүшү ажеп эмес. Кытайда ырааттуу сулале (династия) катары каралган Хан, Таң, Йуан, Чин-манжур ж.б. сулалелердин бийлиги тарыхта маалым, ал эми Орусияда – 1613-жылдан 1917-жылдын февралына чейин Романовдор сулалеси бийликте болгонун билесиздер.
Ал эми кыргыздарда мындай ырааттуу сулале болгондугу тууралуу В.Козодой эч бир тарыхый булактан далил көрсөтө албайт. Албетте, априори (“эч далилсиз ишенгиле” дымагы менен) өз оюн таңуулап, В.Козодой мырза байыркы хундарга колго түшүп калып, Хан сулалесине каршы чыгып, акыры хундардын теңир-кутуна кызмат өтөп калган кытай тектүү кол башчы Ли Лиң дегенди “б.з.ч. I кылымда кыргыздардын арасында падыша болгон, анан анын династиясы XVIII кылымдын башына чейин үзгүлтүксүз бийлик кылган”, деген жалган тыянакты фолк-хистори деңгээлинде чүргөп жатат.
Бул – чылгый жалган маалымат, анткени колбашчы Ли Лиң (эгерде орто кылымдардагы Таң сулалесинин сарай тарыхчылары жамаган жоромол чын болгондо деле) бар болгону баскынчылык алдында калган Кыргыз жергесиндеги хундардын бир убактылуу аскердик башкаруучусу (орусча “наместник””, “военный губернатор”) ролунда болууга тийиш болочу. Мындай таңууланган колбашчыны кыргыздар эч качан өздөрү үчүн хан, падыша, өкүмдар деп санашы мүмкүн эмес эле.
Ал эми синолог Болот Жүсүп байыркы жана орто кылымдардагы кытай тарыхнаамасында кытайларга эч баш ийбеген эгемен элдердин тарыхый башатын жазууда алардын алгачкы падышаларынын теги кытай болчу деген жасалма, жалган маалымат таңууланып келгендигин таасын белгилейт: “…башка элдерди кытайдан тараткан нарратив кытай тарыхнаамасында ар дайым болуп келген. Бирок, муну тарыхый факт катары кабыл алуу туура эмес. Мындайда тарых жазмаларына жашырылган идеологияны же саясий кырдаалды эске алып, талдоо керек”.
Галина Супруненко ж.б. синологдор дагы кытай сарай тарыхчыларынын эмгектерине ушундайча сын көз менен карашкан.
Дал ушул адис жигитибиз Болот Жүсүп мырза Ли Лиң менен кыргыздардын байланышы жөнүндө Таң сулалеси доорунда гана, б.а. кийинчерээк (Ли Лиң жашаган доордон бир нече кылым өткөн соң) кыргыз санжырасына жамалгандыгын калыс эскертет.
Албетте, кыргыздын “Манас” эпосунда деле династиялык (сулалелик) чынжыр бар, бирок анда Жакып – Манас – Семетей – Сейтек делет (Жусуп Мамайдын вариантында андан ары улантылат), бирок эч убакта Манаска кызмат кылган, анын досу жана ишенимдүү чоросу болгон теги кытай Алмамбет кыргыз династиясын башкарган, – деп айтылбайт. Айрым жортуулдарда ага колбашчылык убактылуу милдет тапшырылган менен, Манас өзү гана хан бойдон калган. Казактын Эр Көкчөсү деле өз элинде хан болот, бирок Манастын чоролорунан болуп, “Чоң казатка” катышат (бул жаатта Курманбек Абакиров агайдын жаңычыл монографиясы жарык көргөн: Абакиров Курманбек. “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын Эр Көкчө” же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүү: (Илимий-популярдуу очерк) / Жооптуу ред. проф. Олжобай Каратаев. – Бишкек: “Мега-Формат” басмаканасы, 2024. – 280 б.).
Кыргыздарда хан көтөрүү салты эч качан Чыңгыз хандын урпагына байланган эмес. Тарыхый кырдаалга ылайык, курултайда белсемдүү кайсы бир мамлекеттик ишмерди Ак кийизге көтөрүп, хан жарыялай беришкен. Ошондуктан тарыхыбызда эгеменчил Ормон хан, Полот хан (молдо Ыскак Асан уулу өзүн Кокон ханы катары алып чыккан), Канаат хан, Мөкүш хан, Рахманкул хан ж.б. бар.
Бул элдик эгеменчил рухту андан ары улантып, XXI кылымдын башында эле Ала-Тоодо үч ирет элдик ыңкылап жеңген.
- ДАРЫЯ ЖАНА КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ
Ал эми “кыргыздар дарыя цивилизацияларынын тим эле бешинчисин түзүшкөн” деген жомок да суу кечпейт. Албетте, көчмөндөр цивилизациясын түзгөн бардык элдерде (анын ичинде кыргыздарда дагы) отурукташкан катмар, дыйкандар, соодегерлер болбой койгон эмес. Металл өндүрүү, курал-жарак жасоо сыяктуу тармактар дагы кен жайларды ырааттуу иштетүүгө көз каранды болгон. Канчалык көчмөндөр мамлекети күчөсө, ошончолук анын ордо жайы дагы туруктуу коргонуу жайы катары жайгашкан. Бул жаатта мусулман булактары дагы кыргыз каганы отурган чеп шаар тууралуу кыска маалымат калтырышкан.
Бирок көч жана жортуул үчүн көчмөндөр ийкемдүү келишкен, алар бала чагынан аңчылыкка жана аскердик ишке катышууга машыктырылышканы маалым. Алар, жалпысынан, көчмөндөрдүн турмуш бейнесине ылайык жашашкандыгы эч кандай “намыска тийбеши” керек.
Дүйнөдөгү “дарыя цивилизациялары” деп шарттуу аталган аймактардын бардыгы бир четинен ири деңизге жана мүхитке байланышкан жана салыштырма жылуу аймактарда жайгашкан. Аларда жасалма сугат системасын куруу сыяктуу ири курулуш иштери жүргөн, жазма маданияты да ошолорду чагылдырган. Энесай (башат жагы “Кем” деп да аталган) дарыясы болсо тайгадан түндүктү карай тундрага өтүп, акыры Түндүк Муз океанындагы Харе деңизине (орусча Карское море) куят (“харе” – ненес тилинде “муз каптамы” дегенди аңдатат). Орто кылымдардагы битик алфавитинин жазмалары деле ири сугат системасы болгондугу сыяктуу эч бир маалыматты камтыбайт.
Кыргыз мамлекети батышында Алтай, чыгышында Байкал, түндүгүндө Ортоңку Шибер алкагы менен чектелген, албетте, археолог Ю.Худяков ж.б. илимпоздор кыргыздар Кызыл-Жар (Краснояр), Том (Томск) аймактарына чейин барган археологиялык издерди олуттуу казуу жүргүзүүнүн жана табылгалардын негизинде шардана кылышкан (диванда чалкалап отуруп эрмектеп жаза салышкан эмес).
Демек, В.Козодойдун “Шибердеги дарыя цивилизациясы” тууралуу кооз жоромолу –– суу кечпеген божомол. Муну советтик жана орусиялык археологдордун өздөрүнүн илимий мол маалыматтары да четке кагышат. Эгерде курулай даңазалай берчү болсок, анда Шиберде б.з.ч. I миң жылдыкта “космодром да болгон” деп жаза берсе, сыя түтөт.
Адатта, мурда-кийин китеп окубаган айрым жердештерибиз В.Козодойго чейин эч ким кыргыз тарыхын жазбаптыр, деп оозун куру чөп менен аарчый беришет. Кыргызстанда абдан көп атаандаш монографиялар, окуу китептери, энциклопедиялык жана башка жыйнактар, хрестоматиялар жарык көрүп келишти. (Анын ичинде маркум Кеңеш Жусупов менен Каныбек Иманалиевдин жамаагаттык адабиятка кирген 40 томдук “Кыргыздар” жыйнагы бар; бул даңазалуу түрмөктүн ролу жаатында эми ыраматылык К.Жусупов айта албаса да, көзү тирүү К.Иманалиев жана башка замандаштарыбыз үн кошоор).
Энесай жана Шибер кыргыздары жаатында А.Бернштам, Ө.Караев, Ю.Худяков, В.Бутанаев, А.Абдыкалыков, А.Арзыматов, Г.Супруненко, Т.Бейшеналиев жана башка авторлордун эмгектери Бишкекте жарык көргөн. М.Кожобеков, О.Каратаев сыяктуу башка кийинки авторлордун эмгектери да бар.
Айтмакчы, В.Козодой жакында КР УИАсынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун деректири, академик А.Асанкановго “эмнени жаздың эле” дегендей доомат токуду. Анын сөз төркүнүн – маңызын дурус түшүнүп турабыз. Маскөөдө 18-майда А.Асанканов “Кыргызстандын тарыхчылары “оторчулук” сөзүнөн эч качан баш тапртышпайт” деп так кесе айтып койгону – ага каршы тымызын чабуулду жаратты.
Ал эми мекемедеги илимий жетекчи баары жоктун баарын өзү жазбайт, археолог, этнограф, булак таануучуларды ж.б. адистерди ар кандай жетекчи комплекстүү иш-аракетке багыттайт. Ошого карабастан, А.Асанкановдун өзүнүн окуу китеби жана кытайлык кыргыздар жаатында ж.б. орчун этнографиялык изилдөөлөрү бар. Биз С.Абрамзонго “неге археологиялык казуу жүргүзбөдүң” деп доомат кылгандай, же азыркы Орусия ИАсынын Шибер бөлүмүндөгү тарых тармагын жетектегендерди “эмне үчүн кыргыздар жөнүндө гана жазбайсың”, – деп кинелегендей эле кеп.
Орусияда деле илгерки В.Бартольд иштеген мекемелердин башчыларын “эмне үчүн мындайча кылып баары-жоктун баарынын тарыхы боюнча эмгек жазган эмессиң?” деп кодулоо күлкү гана келтирмек.
Кыргызстандык тарыхчылардын ар кыл илимий тармактардагы өкүлдөрү өз китептеринде өлкөбүздүн эгемендигинин идеясын жана ал үчүн күрөштүн тарыхын тарыхый булактарга таянуу менен жазуу зарылдыгын эч унутушпайт.
- Ю ТАЙШАН ЖАНА КӨӨНӨ КЫРГЫЗДАР
Бээжиндик урматтуу профессор Ю Тайшандын ачылышын канчалык В.Козодой жамандабасын, Ю Тайшандагы негизги идея – б.з.ч. X кылымда Му вандын (падыша Мунун) доорунда кыргыздардын өздөрүнүн ЭГЕМЕН өлкөсү болгондугу тууралуу кийинки уламышты талдап чыккандыгында.
Кытайча көөнө “Му тйанчы чуан” (Mù Tiānzǐ Zhuàn) –– “Му-вандын Көккө жасаган сапары жөнүндө баян” эмгегиндеги уламышта бул кыргыз өлкөсү эч кандай кытай тектүү бирөөнүн династиясы катары эмес, кыргыз өзү башкарган мамлекет катары сыпатталган.
Ю Тайшандын ырасташынча, байыркы кыргыздар өз алдынча өлкөгө ээ болгон жана ал өлкө Кытайдын Батыш Чжоу (б.з.ч. 1045 – 771-жж.) сулалеси менен дипломатиялык алака түзгөн:
“«Му тянцзы чуан» (穆天子傳) эмгегинде (2-бөлүмдө) кивэн-хэн (б.а. кыргыз) өкүмдары Му-ванга 100 аргымак, 300 өгүз, 70 тайган, 200 төө, 300 жапайы жылкы, 2000 бодо мал жана 300 араба толо таруу жана буудай (белекке) сунуштагандыгы айтылган”.
Албетте, “Му-вандын Көккө жасаган сапары жөнүндө баян” эмгегиндеги бул жана башка маалыматтарга негизденип, профессор Ю Тайшан тарабынан сунушталган бул этнологиялык жоромол андан ары тереңдеп изилдениши абзел. Анын башкы мааниси – “кыргыз” этнониминин кытай тилиндеги (Сыма Чйанга чейинки) байыркы шекили “Juanhan 鄄韓” [кивэн-хэн] түрүндө болгондугу жөнүндө маалымдагандыгы. Бул жаатта мурдараак да жоромолдор учкай айтыла жүргөн, бирок профессор Ю Тайшан аны илимий макаласында айрыкча тастыктап чыкты. (Ага жакында “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылган).
Буюрса, быйыл Ю Тайшандын макаласы да камтылган илимий жыйнак кытай жана англис тилдеринен толук которулуп, Бишкекте кыргыз тилинде кирил жазмасында жарыяланмакчы (бул жаатта жакында эле Жаркын Турсун айым, Кыяс Молдокасымов, Рысбек Алимов, Сейтек Качкынбай, Дабыт Абдылбаары уулу , Сайпидин Ысак уулу менен онлайн жыйындар курдук).
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых комиссиясынын 16 томдук жыйнагы (жалпы багыттоочусу – бул комиссиянын төрагасы жана Мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу Койчиев) жана жарандык демилге аркылуу профессор Олжобай Каратаевдин жетегиндеги топтун 15 томдук жыйнагы – буга чейинки жетишкендиктерди өз алдынча жалпылашмакчы. Ал жалпылама китептерде тарыхый факттарга гана таянышаарында ишеничибиз зор. Бул эки жыйнакка тең салым кошууга ынтызарбыз.
P.S.
Адатта, илимий жоромолдор жаатында алгач илимий жыйындарда апробация өткөрүлгөнү (тигил ж бул сунуш илимий талкуудагы сыдыргыга салынганы) оң. Төмөндө кытайлык профессор Ю Тайшандын ачылышы тууралуу эл аралык жыйындардагы сөзүбүз чагылдырылып жарыяланган айрым макалаларыбызды жана бир блогубузду тизмеледик.
***
Tchoroev (Chorotegin) T. Professor Yu Taishan and Ancient Ethnic History of the Kyrgyz // 1st International Eurasian Symposium On Social Sciences and Arts. 13–14 May, 2022, Antalya, Turkey: Proceeding Book. – Ankara: KutBilim Research, Culture and Solidarity Association, 2022. – 358 p. – ISBN: 978-605-73444-1-0. – P. 25–41.
***
Chorotegin (Tchoroev) Tynchtykbek. Ancient Ethnic History of the Kyrgyz According to Professor Yu Taishan // Схід та Україна. Матеріали міжнародної наукової конференції «Схід та Україна: наукова конференція присвячена пам’яті Ярослава Дашкевича», яка відбулась 17–18 жовтня 2022 / Упорядник д. і. н. Я. В. Пилипчук. Київ: Національний педагогічний університет імені М. П. Драгоманова, 2022. (укр., пол., азерб., тур., узб., англ. мовами). – 242 с. – С. 20–33.
***
Çorotegin, Tınçtıkbek. Eski Ve Erken Orta Çağ Kirgiz Devletçiliğinin İlk Aşamalari // TÜRKSOY ve İstanbul Üniversitesi’nin İş Birliğinde Türkiye Cumhuriyeti’nin 100. ve Uluslararasi Türk Kültürü Teşkilati’nin 30. Kuruluş Yil Dönümüne İthafen Düzenlenen “Köktürk, Uygur Ve Kirgiz Kağanliklarinin Dünya Uygarliğina Katkilari” Uluslararasi Sempozyumu. 04-05 Mayıs 2023, İstanbul Üniversitesi Rektörlük Binası Mavi Salon, İstanbul, Türkiye. Bildiriler Kitabı / Editörler Dr. Öğr. Ü. Timur B. Davletov, Kemal Ün. Аnkara: TÜRKSOY Yayınları, 2023. 228 sayfa. ISBN: 978-625-94151-2-3. – S. 105–129.
***
Chorotegin (Tchoroev), Tynchtykbek. Professor Yu Taishan and Early Ethnic History of the Kyrgyz (Tengir-Too and Geat Altay in the 1st Millennium BC) // Kyias [Moldokasymov]: A Gift Dedicated To His 60th Anniversary: Collection of Scientific and Popular Articles / Compiled by Jamykat Omurova, Zhenishbek Duysheev, Mahabat Junusova, Tynchtykbek Chorotegin; edited by Professor Tyntchtykbek Chorotegin. – Bishkek: Turar Printing House, 2023. – 512 p., ill. – The History and Heritage Series. – P. 470–508.
***
Чоротегин Т.К. Профессор Ю Тайшань об этнографических сведениях о древних кыргызах, отраженных в труде «Мy тяныцзы чуань» // “Mahmud Kaşğarlı” Beynəlxalq elmi jurnalı. Bakı, 2023. Cilt 1, No. 2. S. 76–86.
***
Чоротегин Т.К. Кыргыздын көөнө тарыхынын кең мейкиндиги тууралуу // Азаттык үналгысы. 29.1.2024. –– Шилтеме: https://www.azattyk.org/a/bajyrqy-qyrgyz-taryhynyn-keng-mejkindigi_2024_chorotegin_blog/32796863.html
Кыска тыянак:
- Кыргыздар В.Козодой мырза ойлогондой кытай Ли Лин “негиздеген” (б.а. тарыхта жок, бирок В.Козодойдун мээсинде бар) династияга эч качан баш ийген эмес.
- Кыргыздар Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясынын бөлүгү болушкан, эч кандай “дарыя цивилизациясы” дегенди негиздешкен эмес жана Түштүк Шибер менен чектелбестен, Ички жана Борбордук Азияда кеңири мейкиндикте (анын ичинде X кылымдан тартып ислам динин кабыл алган Теңир-Тоодо да) байырлашкан. Азыркы тапта тарыхый Манжурияда –– КЭРдин Хэйлунжаң аймагында) да мусулман эмес кыргыздар байырлашат.
- Профессор Ю Тайшан сунуштагандай, б.з. ч. X кылымдан бери эгемен кыргыз өлкөсү болгондугу тууралуу маалыматтар Кытайдагы көөнө жазма маданият эстеликтеринде катталган. Албетте, кайсы бир баскычтарда кыргыздар айрым чет мамлекетке көз каранды болгон учурлар бар. Мындай жагдай Кытай тарыхында деле арбын учураган. Московия падышалыгы деле Алтын Ордого көп кылымдар көз каранды болуп келген. Бул – тарых. Болгонун болгондой кылып жазабыз. Дээрлик 19 кылым бою үзгүлтүксүз династия болгон, – деген жомокту кооздугуна карабастан четке кагабыз.
- Кыргыздар эгемендик идеясын падышалык Орусия доорунда да, советтик орус империясы маалында да “Манас” эпосу аркылуу көкүрөгүндө терең сактап келишкен. Бул идеяны ачыктаган профессорлор Кубанычбек Нурбеков, Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев сыяктуу бабаларыбызды эми гана даңазалай баштадык. Бул “кыргыздын эгемен өлкөсү” идеясын Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев сыяктуу орусиялык тарыхчылар да калыс эмгектери аркылуу даңазалашкандыгын баса белгилейбиз.
Тынчтыкбек Чоротегин,



