Адамзат тарыхында айрым учурлар бар: алар жөн гана календардагы дата эмес, доорлордун жаңы барагын ачкан белги болуп калат. Быйыл 2026-жылы белгиленип жаткан Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы дал ошондой учурлардын бири… Кырк жыл мурда, 1986-жылы, дүйнө эки идеологиялык лагерге бөлүнүп турган кезде, адамзаттын келечеги жөнүндө тынчсызданган улуу ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматов Ысык-Көлдүн жээгине дүйнөнүн көрүнүктүү акылмандарын чогулткан. Ал форум саясатчылардын эмес, руханий лидерлердин, жазуучулардын, философтордун жана окумуштуулардын үнү угулган өзгөчө аянтча болгон. “Муздак согуштун” карама-каршылыктары күчөп турган мезгилде Айтматов диалогдун, өз ара түшүнүшүүнүн жана адамгерчиликтин мүмкүнчүлүгүнүн бийик үлгүсүн далилдеген. Бүгүн, кырк жылдан кийин, дүйнө кайрадан олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Эл аралык тартип өзгөрүүдө, жаңы күч борборлору жаралууда, цивилизациялардын ортосундагы атаандаштык күч алууда. Ушундай шартта Ысык-Көл форумунун кайра жаңырышы жөн гана тарыхый эстелик эмес. Бул — Кыргызстандын дүйнөлүк интеллектуалдык мейкиндиктеги жаңы миссиясын жарыялаган окуя. Бул — катардагы эскерүү эмес. Бул — кайра жаралуу, “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолубуздун башталышы. 40 жылдан кийин, быйыл 2026-жылы, бул форум эгемендүү Кыргызстандын жаңы тарыхый шартында — БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө 142 мамлекеттин добушун алуу менен шайлануусу жана ШКУга төрагалык кылуу менен дал келип жатышы дагы символикалуу. Бул — тарыхка кайрылып коюу эле эмес, улуттук мүнөздү дүйнөлүк масштабга чыгаруунун “ИЛБИРС СЕКИРИГИ”. XXI кылымдын биринчи чейреги дүйнөнүн саясий жана экономикалык борбору акырындык менен Атлантикадан Евразияга жылып жатканын көрсөттү. Кечээ дүйнөлүк саясаттын чет жакасы катары кабыл алынган Борбордук Азия бүгүн глобалдык кызыкчылыктардын кесилишкен аймагына айланууда. Мына ушундай шартта Кыргызстан өзүн жөн гана географиялык мейкиндик катары эмес, идеялардын, маданияттардын жана цивилизациялардын жолугушуучу жери катары сунуштоого тийиш. Биздин эң чоң байлыгыбыз алтын эмес. Мунай эмес. Газ эмес. Биздин эң чоң байлыгыбыз — руханий мурасыбыз. Дал ушул жерде, байыркы улуу «Манас» эпосу жаралып, бүгүнда жашап жатат. Дал ушул жерде көчмөн цивилизациянын өзгөчө дүйнө таанымы калыптанган. Дал ушул жерде Чыңгыз Айтматов дүйнөгө адамзаттын абийири жөнүндө сүйлөгөн чыгармаларын жазган. Эгер XX кылымда Кыргызстан дүйнөгө Айтматовду берген болсо, XXI кылымда дүйнөгө жаңы интеллектуалдык платформаны сунуштай алат. Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик мурасын, “Манас” эпосунун глобалдык потенциалын жана форумга чакырылган интеллектуалдык элитанын П. Франкопан, Мо Ян, Л. Перетти, Анар Рзаев идеяларын интеграциялоо менен, Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы жаңы ролуна- “интеллектуалдык жана маданий хаб” катары токтолгум келди. Белгилүү тарыхчы Питер Франкопан өзүнүн изилдөөлөрүндө дүйнөлүк тарыхтын негизги кыймылдаткычы Батыш эмес, Улуу Жибек жолу болгонун далилдеген. Питер Франкопандын Жибек жолу тууралуу концепциясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы стратегиясына төп келет. Анын көз карашы боюнча, цивилизациялардын өнүгүшүндөгү чечүүчү процесстер дал ушул Евразия мейкиндигинде жүрүп келген. Бүгүнкү күндө ошол тарых кайрадан жанданып жаткандай. Кытай менен Европаны байланыштырган жаңы транспорттук коридорлор, “Кыргызстан – Өзбекстан- Кытай” темир жолу, энергетикалык долбоорлор, санариптик байланыштар жана маданий алакалар Борбордук Азияны кайрадан дүйнөлүк процесстердин борборуна чыгарып жатат. Бирок, жаңы Жибек жолу жалаң гана товарлардын жолу болбой, идеялардын жолу болушу керек. Маданияттардын жолу болушу керек. Тынчтыктын жолу болушу керек. Дал ушул жерде Ысык-Көл форумунун жаңы тарыхый ролу башталат. Көп учурда биз «Манасты» улуу эпос катары мактайбыз. Бирок, анын дүйнөлүк маанисин толук түшүндүрө албай келебиз. «Манас» — бул жөн гана тарых эмес. Бул адамзат жана мамлекет жөнүндө философия. Бул биримдик жөнүндө ажайып дүйнө тааным.
Башкы беткеКыргыз ренессансы жана глобалдык диалог: "Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы" – жаңы доордун...
Кыргыз ренессансы жана глобалдык диалог: “Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы” – жаңы доордун интеллектуалдык платформасы катары
178

Аптанын эң көп окулгандары


