Башкы беткеКоомБишкектеги китепканалар жай айларында кечке чейин иштейт

Бишкектеги китепканалар жай айларында кечке чейин иштейт

Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Назгуль Мекешова шаардык китепканалар жайкы каникул мезгилинде балдардын бош убактысын уюштурууга активдүү катышып жатканын билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги бардык китепканалар жай бою күн сайын эртең мененки саат 9:00дөн кечке чейин иштейт. Мектеп окуучулары үчүн ар түрдүү программа даярдалган: китеп окуу, улуттук оюндар, табышмактар, интеллектуалдык викториналар жана сүрөт тартуу сабактары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, вице-мэр Виктория Мозгачева китепканалар балдар менен профилактикалык иш алып баруунун негизги аянтчаларынын бири болорун белгиледи. Бул жерде коомдук пикир лидерлери менен жолугушуулар, ошондой эле экология, жол кыймылынын коопсуздугу жана суудагы жүрүм-турум эрежелери боюнча сабактар уюштурулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар