Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанга заманбап трансформаторлордун алгачкы партиясы келди

Кыргызстанга заманбап трансформаторлордун алгачкы партиясы келди

Энергетика тармагын жаңылоонун алкагында бөлүштүрүүчү электр тармактары үчүн заманбап өлчөөчү трансформаторлордун биринчи партиясы алынып келинди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жабдуулар «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» (МУРЭС) долбоорунун 2-компоненти – «Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү» багытынын алкагында сатып алынууда. Бул максатта «АльянсСпецТех» ЖЧКсы менен жалпы 41 млн 640 миң сомдук келишим түзүлгөн. Келишим боюнча 90 комплект өлчөөчү трансформатор жеткирилет.
“Ушу тапта келген биринчи партиянын жалпы наркы 13 млн 638 миң сомду түзүп, анда 10 жана 35 кВ чыңалуудагы заманбап ток жана чыңалуу трансформаторлору бар”, – деп айтылат маалыматта.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар