Home Көчмөндөр оюндары Казакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи

Казакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп, чоң спорттук майрам катары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө көк бөрү жана жер улак боюнча кыргыз жана казак командалары мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштык спорттук талаада гана каларын дагы бир ирет далилдешти. Күйөрмандардын арасында да олуттуу көйгөй жаралган эмес.

Медалдарды эсептөөдө техникалык айырмачылыкка байланыштуу уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун медалдарын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алган. Натыйжада жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи.

Алагөзов казакстандык спортчуларды жеңиши менен куттуктап, кыргызстандык спортчулар да мелдеште өз күчүн жана чеберчилигин татыктуу көрсөткөнүн белгиледи.

«Медалдын эсеби — спорттун бир бөлүгү. Ал эми оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты өз ара сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду», — деди президенттин басма сөз катчысы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here