Түштүк-Чыгыш Азия (ТЧА) өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү потенциалы, соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды, ошондой эле саясий диалогду кеңейтүүнүн келечеги.
Эл аралык мамилелердин трансформациясы жана глобалдык экономикалык активдүүлүк Азияга өтүп жаткан шарттарда, Түштүк-Чыгыш Азия (ТЧА) багыты Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында барган сайын олуттуу орунду ээлөөдө. Кыргызстан үчүн бул аймак тез өнүгүп жаткан экономикалык мейкиндик катары гана эмес, саясий, инвестициялык жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүү булагы катары да кызыгууну жаратат.
Бул багыттын Кыргызстан үчүн маанилүүлүгү бир катар факторлор менен аныкталат. Биринчиден, ТЧА мамлекеттери дүйнөдөгү динамикалуу өнүгүп жаткан экономикалардын катарына кирет жана эл аралык соодада, каржы агымдарында, ошондой эле өндүрүштүк-логистикалык байланыштарда маанилүү ролду ойнойт. Экинчиден, алар менен өз ара аракеттенүү Кыргызстандын тышкы байланыштарын диверсификациялоо (ар тараптуу өнүктүрүү) жана анын эл аралык кызматташтыгынын географиясын кеңейтүү максатына да жооп берет. Үчүнчүдөн, аймактагы көптөгөн өлкөлөр БУУнун жана башка эл аралык аянтчалардын алкагындагы көп тараптуу процесстердин маанилүү катышуучулары болуп саналат, бул эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө кошумча тышкы саясий чен өлчөмдөрдү берет.
Саясий өз ара аракеттенүү
Саясий жагынан алганда 2025-жыл кыргыз-түштүк-чыгыш азиялык диалогдун сезилерлик активдешүү мезгили болуп калды. Эң маанилүү алдыга жылуу Малайзия багытында жасалды. Президент С.Н.Жапаровдун Малайзияга расмий сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды жана тараптардын бул мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга умтулуусун аныктады. Сапардын жыйынтыгы боюнча 18 эки тараптуу документке кол коюлду, бул кыргыз-малайзия мамилелеринин колдонуудагы комплекстүү ченемдик-укуктук базасын олуттуу түрдө толуктады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду андан ары кеңейтүүгө жана өнөктөштүктүн кыйла жогорку деңгээлине этап-этабы менен жылууга ниети бар экендигин ырасташканы да өзгөчө мааниге ээ болду. Акыркы бир жылда кыргыз-малайзия диалогу башка багыттар боюнча да өнүктү: Кыргызстанга расмий сапар менен Малайзия Сенатынын Төрагасынын орун басары келди; тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде министрликтер аралык кеңешмелер өттү.
Вьетнам багытында да 2025-жылы ийгиликтүү болду. Алсак, өткөн жылдын сентябрь айында Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУнун саммитинин алкагында Президент С.Н.Жапаров менен Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тиндин жолугушуусу өттү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А.Касымалиевдин 2025-жылдын март айында Вьетнамга болгон расмий сапары да эки тараптуу мамилелерге олуттуу түрткү берди. Кийинчерээк Министрлер Кабинетинин башчысы Вьетнамдын премьери менен байланыштарын Тяньцзиндеги «Жайкы Давос» форумунун алкагында улантты.
Аталган жолугушуулар кыргыз-вьетнам мамилелеринин кыйла активдүү жана мазмундуу баскычка өткөнүн ырастады. Бул өлкө менен байланыштарды чыңдоо эки мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет жана соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Индонезия багытында эки тараптуу мамилелердин саясий курамдык бөлүгү ырааттуу түрдө өрчүдү. Көңүл борборунда жогорку деңгээлдеги байланыштарды даярдоо, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыктын кыйла туруктуу механизмдерин түзүү маселелери турат. Индонезиянын масштабын жана анын ислам дүйнөсүндөгү, ошондой эле Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү ролун эске алып, Жакарта менен мамилелерди тереңдетүү Кыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына төп келет.
Аймактагы башка мамлекеттер менен да ырааттуу иштер улантылды. Сингапур инвестиция, башкаруу жана заманбап технологиялар чөйрөсүндө Кыргызстан үчүн потенциалдуу маанилүү өнөктөш катары өз маанисин сактап келет. Таиланд, Филиппин саясий диалогду өнүктүрүү көз карашынан алганда да, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү контекстинде да кызыгууну туудурат.
Бруней багытында. 2025-жылдын 7-февралында Президент С.Н.Жапаровдун Бруней-Даруссалам Султаны Хассанал Болкиах менен Харбин шаарында өткөн жолугушуусу болду. Бул жолугушуу саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Бул катарда 2026-жылы Чыгыш Тимор менен дипломатиялык мамилелер орнотулганын да өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бул кадам Кыргызстандын Азиядагы дипломатиялык катышуусун ырааттуу кеңейтүү жана анын эл аралык позицияларын чыңдоо аракетинин кезектеги далили болуп калды.
Экономикалык өз ара аракеттенүү
Кыргызстандын ТЧА өлкөлөрү менен экономикалык өз ара аракеттенүүсү бара-бара олуттуу мүнөзгө ээ болууда. Көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктар Малайзия менен болгон мамилелерде жетишилди. 2025-жылы өз ара сооданын өсүшү катталып, саясий диалогдун практикалык экономикалык натыйжасы ырасталды. Ошону менен бирге соода, инвестиция, ислам каржысы, халал-индустриясы жана өнөр жай кооперациясы чөйрөлөрүндө кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негиздер түптөлдү.
Индонезия, Вьетнам, Сингапур, Таиланд жана аймактагы башка өлкөлөр менен да экономикалык күн тартиби кыйла мазмундуу болуп баратат. Кыргызстан үчүн сыйымдуу рынокторго чыгуу, ата мекендик продукцияны илгерилетүү, инвестиция тартуу, халал-секторун өнүктүрүү жана соода-логистикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү өзгөчө кызыгууну туудурат. Ошол эле учурда, ТЧА өлкөлөрү менен иш алып баруу барган сайын алардын конкреттүү экономикалык адистешүүсүн эске алуу менен түзүлүүдө.
Мындан аркы өсүш көбүнчө логистика жана транспорттук байланыш маселелерин чечүүдөн көз каранды болот. Кыргызстан үчүн ТЧА менен өз ара аракеттенүү кыйла кенен евразиялык транспорттук жана соода чынжырчаларына кошулуу контекстинде чоң мааниге ээ. Андыктан авиакаттамдарды, ишкердик байланыштарды жана туруктуу каттамдарды өнүктүрүү реалдуу экономикалык жакындашуунун негизги шарттарынын бири бойдон калууда.
Маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү
Кыргызстандын ТЧА өлкөлөрү менен маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүсү да оң динамиканы көрсөтүүдө. Билим берүү, академиялык алмашуу жана кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кошумча шарттар түзүлдү.
Аймакта Кыргызстандын маданий катышуусу өсүп жатат. Кыргыз кинопродукциясынын көрсөтүлүшүн кеңейтүү жана маданий иш-чараларга катышуу өлкөнүн таанылуусунун өсүшүнө жана анын жагымдуу образынын калыптанышына өбөлгө түзүүдө.
Туризм да өзгөчө мааниге ээ. ТЧА рыногу Кыргызстан үчүн чет өлкөлүк туристтердин жаңы категорияларын тартуу көз карашынан алганда олуттуу кызыгууну туудурат, ал эми өлкөнүн туристтик потенциалын илгерилетүү боюнча көрүлүп жаткан кадамдар ТЧАны келечектүү багыттардын бири катары кароого мүмкүндүк берет.
Корутундулап айтканда, ТЧА Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында барган сайын байкаларлык орунду ээлеп жатканын белгилей кетүү керек. Бул багыттын маанилүүлүгү саясий, экономикалык, логистикалык жана гуманитардык факторлордун айкалышы менен аныкталат. Акыркы жылдардын эң маанилүү жыйынтыгы — Кыргызстандын аймак мамлекеттери менен үзгүлтүккө учураган байланыштардан өз ара аракеттенүүнүн кыйла тутумдуу моделине өтүшү болду.
Саясий диалогдун активдешиши, келишимдик-укуктук базанын кеңейиши, экономикалык байланыштардын өсүшү, гуманитардык байланыштардын чыңдалышы жана тышкы саясий демилгелердин илгерилетилиши ТЧА кыргыз дипломатиясынын жаңы келечектүү векторлорунун бирине айланып жатканын ишенимдүү түрдө айтууга негиз берет.
Дастан Урманбетов, КР ТИМдин Экинчи саясий департаментинин кеңешчиси



