Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭмгек министрлигинин жамаатына Алмаз Имангазиев тааныштырылды

Эмгек министрлигинин жамаатына Алмаз Имангазиев тааныштырылды

Бүгүн, 7-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына министрликтин жаңы жетекчиси — министрдин милдетин аткаруучу Алмаз Имангазиевди тааныштырды.

Аны кызматка дайындоо тууралуу тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы жетекчини тааныштырып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары ведомствонун алдында турган милдеттердин өзгөчө маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин белгиледи.

Ал социалдык чөйрөдө системалуу реформаларды жигердүү улантуу, калктын аялуу катмарын колдоону өркүндөтүү, ошондой эле эмгек жана миграция жаатындагы процесстерди натыйжалуу жөнгө салуу зарылдыгын баса белгиледи.

Данияр Амангелдиев Алмаз Имангазиевге жана министрликтин жамаатына мындан аркы жемиштүү иштеринде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар