Климаттын өзгөрүшү, экологиялык көйгөйлөр жана аргасыз миграция күчөп жаткан шартта адамзат көчмөндөрдүн жаратылыш менен гармонияда жашоо тажрыйбасынан сабак алышы керек. Бул тууралуу Словениянын Любляна университетинин профессору Сванибор Петтан билдирди.
Ал бул пикирин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференцияда айтты.
Профессордун белгилешинче, азыркы коомдун басымдуу бөлүгү отурукташкан жашоо образын тандап, жаратылышты адамдын керектөөлөрүнө ылайыкташтырууга аракет кылат. Ал эми көчмөндөр жаратылышты өзүнө баш ийдирүүгө эмес, аны менен гармонияда жашоого умтулган.
“Көчмөндөрдүн маданияты жана тажрыйбасы бүгүнкү күндө адамзат үчүн маанилүү сабак боло алат. Дүйнө согуштар, климаттын өзгөрүшү, экологиялык көйгөйлөр жана аргасыз миграция сыяктуу олуттуу чакырыктарга туш болуп жаткан учурда көчмөндөрдүн тажрыйбасынан үйрөнүү зарыл”, — деди Сванибор Петтан.
Анын айтымында, көчмөндөрдүн тарыхын жана маданиятын ар тараптуу изилдөө үчүн окумуштуулардын ортосунда туруктуу диалог жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл.
“Номадизм, көчмөндөрдүн маданияты жана тарыхы тууралуу пикир, жаңы идеялар жана чечимдер менен бөлүшүү үчүн биз дайыма жолугуп турушубуз керек. Мындай кызматташтык илимди алдыга жылдырууга жана адамзаттын билимин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт”, — деди профессор.
Сванибор Петтан Кыргызстанга буга чейин да келгенин, өткөн жылы “Рух Ордо” маданий борборунда өткөн иш-чарага катышканын белгиледи.
Профессор быйылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралардын уюштурулушуна да жогору баа берди. Анын айтымында, концерттер, сынактар, мастер-класстар жана илимий программаларды камтыган кеңири иш-чаралардын кыска убакыттын ичинде жогорку деңгээлде уюштурулушу чоң таасир калтырган.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференция өттү. Иш-чарада көчмөндөрдүн тарыхы, маданияты, мурасы жана анын азыркы дүйнөдөгү мааниси талкууланды.
