Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу процесси демилгеленди. Бул тууралуу Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде белгилүү болду. Жыйынга мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, санкциялык тобокелдик жаратышы мүмкүн болгон 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөн. Комплекстүү талдоонун жыйынтыгында алардын ичинен 19 компаниянын ишин токтотуу зарылдыгы аныкталган. Ушуга байланыштуу аларды мыйзамда белгиленген тартипте мажбурлап жоюу боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу жөнөтүлдү.
Калган компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү улантылууда. Анын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде мындан аркы чаралар көрүлөт.
Ошондой эле кеңешмеде банк секторунда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу жана каржылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
2026-жылдын июль айынан 14-августуна чейин «Элдик Банк» 109га жакын компания менен ишкер мамилесин токтотуп, дагы 20га жакын компаниянын эсептерин жабуу процессин баштаган. Ал эми «АБАНК» 35ке жакын компания менен ишкер мамилесин токтотуп, дагы 40ка жакын компанияга карата текшерүү жүргүзүүдө.
Мамлекеттик банктар санкциялык талаптарды сактоо максатында кардарлардын операцияларына мониторинг жүргүзүүнү жана комплаенс-көзөмөлдү күчөтүүнү улантат.




