Жогорку Кеңештин 2-сентябрдагы жыйынында депутаттар Максат Асаналиевди Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди.
Эл өкүлдөрүнө талапкерди Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырып, талкуудан кийин тиешелүү токтом кабыл алынды.
Белгилей кетсек, мындан бир аз мурдараак парламенттин ушул эле жыйынында депутаттар Максат Асаналиевди Башкы прокурор кызматынан бошотууга да макулдук беришкен болчу.




