11-сентябрда Талас шаарында Эгемендүүлүк күнүнө арналган ири маданий иш-чарага байланыштуу борбордук аянтка алып барган айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелери жабылат:
Чыңгыз Айтматов көчөсү — Алыкулов көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
Бердик Баатыр көчөсү — Сатаев көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
Оторбаев көчөсү — Сатаев көчөсүнөн Мырзалиев көчөсүнө чейин;
Огомбаев көчөсү — Шамбеев көчөсүнөн Сатаев көчөсүнө чейин;
Сатаев көчөсү — Огомбаев көчөсүнөн Бердик Баатыр көчөсүнө чейин;
Мырзалиев көчөсү — Оторбаев көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейин;
Мадиев көчөсү — Оторбаев көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейин.
Милиция айдоочуларды сапар алдында башка жолдорду алдын ала тандап, жол кыймылын жөнгө салган кызматкерлердин талаптарын аткарууга чакырды.
Эске салсак, 11-сентябрда Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өтүп, ага дүйнөгө белгилүү өнөрпоздор катышары күтүлүүдө.



