Башкы беткеКоомКыргызстанда Интерполдун Улуттук борбордук бюросу иштей баштайт

Кыргызстанда Интерполдун Улуттук борбордук бюросу иштей баштайт

Кыргызстанда Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 19-октябрдагы №709 токтомунда айтылат. Документке ылайык, жаңы түзүмдүн негизги максаты — кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Интерполго мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Токтом менен бюронун укуктук макамын, милдеттерин, функцияларын жана ишин уюштуруу тартибин аныктаган жобо бекитилди. Жаңы түзүм Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын курамына кирип, министрликтин түзүмдүк бөлүгү катары иш алып барат.

Бюронун штаттык курамы сегиз кызматкерден турат. Алардын бири Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү болот.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Интерпол тууралуу

Интерпол — 1923-жылы түзүлгөн эл аралык кылмыш полициясы уюму. Анын баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан. Уюмга учурда 196 мамлекет мүчө.

Кыргызстан Интерполго 1997-жылы кошулган. Уюмдун алкагында өлкөнүн укук коргоо органдары эл аралык издөө иштерин жүргүзүп, чет мамлекеттерде кармалган шектүүлөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча кызматташат.

Ошондой эле башка мамлекеттерде издөөдө жүргөн адамдар Кыргызстандын аймагынан кармалган учурда, аларды тиешелүү өлкөлөргө өткөрүп берүү маселеси мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.

Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун түзүлүшү эл аралык укук коргоо кызматташтыгын координациялоого жана кылмыштуулукка каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар