Башкы беткеМинистрлер кабинетиКасымалиев: "Президент өлкөдөгү негизги процесстерди жеке көзөмөлдөп турат"

Касымалиев: “Президент өлкөдөгү негизги процесстерди жеке көзөмөлдөп турат”

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү өнүктүрүү жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу мамлекеттик саясаттын негизги багыты экенин билдирди. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө айтты.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров өлкөдөгү негизги процесстерди жеке көзөмөлдөп, жарандардан түшкөн кайрылууларга ыкчам көңүл буруп турат.

Касымалиев мамлекет башчысы менен болгон күнүмдүк талкууларда биринчи кезекте экономикалык өсүш, өлкөнүн өнүгүүсү жана мамлекеттик башкаруу маселелери караларын белгиледи.

“Президенттин негизги максаты — Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөтүү. Биз баарлашууларда көбүнчө ушул багыттарды талкуулайбыз. Кадр маселесинде мамлекет башчысы тартипти талап кылуу менен бирге адамгерчиликти да эске алат. Бирок коррупциялык көрүнүштөр боюнча талаптар катуу болот”, — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын билдиришинче, президент өлкөдөгү кырдаалды дайыма көзөмөлдөп, көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүп турат.

“Эгер кайсы бир жерде маселе жаралса, президент маалыматты тиешелүү министрликке же Президенттин администрациясына ыкчам жеткирет. Биз мындай кайрылууларды карап чыгып, мүмкүн болушунча тез арада чечүүгө аракет кылабыз”, — деди Касымалиев.

Ал ошондой эле Министрлер кабинетинин негизги милдеттеринин бири — калктын жашоо шартын жакшыртуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү экенин кошумчалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар