Башкы беткеМаданиятКөчмөндөр оюндарынын жабылышында 1500 дрондун шоусу тартууланды

Көчмөндөр оюндарынын жабылышында 1500 дрондун шоусу тартууланды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде 1500 дрондун катышуусунда масштабдуу жарык шоусу тартууланды.

Асманга көтөрүлгөн дрондордун синхрондуу кыймылы аркылуу кыргыз элинин тарыхы, улуттук маданияты жана кылымдардан бери сакталып келген салт-санаасы чагылдырылды.

Көркөм композицияларда кыргыз элинин тарыхый мурасы, улуттук баалуулуктары жана көчмөн цивилизациясына байланышкан образдар көрсөтүлүп, заманбап технология менен улуттук маданият айкалыштырылды.

Миңдеген көрүүчүлөргө тартууланган шоу Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинин өзгөчө бөлүктөрүнүн бири болуп, иш-чарага көрк кошту.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар