Башкы беткеКөчмөндөр оюндарыКөчмөндөр оюндарын 1200дөн ашуун журналист чагылдырууда - Сарногоева

Көчмөндөр оюндарын 1200дөн ашуун журналист чагылдырууда – Сарногоева

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 1200дөн ашуун медиа өкүлү каттоодон өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, каттоодон өткөндөрдүн арасында журналисттерден тышкары блогерлер жана инфлюенсерлер да бар.

“Чет элдик ЖМКларга өзүнчө токтолсок, бизге 400дөн ашуун журналисттен билдирме түштү. Алардын 250сү аккредитациядан өтүп, учурда оюндарды жеринен чагылдырып жатышат”, — деди Салкын Сарногоева.

Журналисттердин иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкекте эки пресс-борбор уюштурулган. Алардын биринде бир учурда 500гө чейин журналист иштей алат. Борборлор интернет менен камсыздалып, күн сайын пресс-конференциялар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле журналисттерге мелдештер өтүп жаткан аймактар менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк каралган. Ушундай эле шарттар Кырчын жайлоосунда уюштурулган пресс-борборлордо да түзүлгөн.

Мындан тышкары, оюндарды чагылдырууга келген журналисттер тамак-аш менен камсыздалып жатканы белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар