Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагындагы төртүнчү Жогорку деңгээлдеги конференцияга катышууда.
«Терроризмден эркин келечек: мүчө мамлекеттердин лидерлиги жана аракеттери аркылуу террорчулукка каршы күрөштө көп тараптуу кызматташтыкка глобалдык умтулууну чыңдоо» урааны алдында өтүп жаткан иш-чарада ал Кыргызстандагы терроризмге жана экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасады.
Адилет Орозбеков өз сөзүндө өлкөдө террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу менен катар алардын алдын алуу чараларына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан мыйзамдык механизмдерди өркүндөтүү, калкты, айрыкча жаштарды радикалдашуудан сактоо, билим берүү жана агартуу иштерин күчөтүү, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө аркылуу комплекстүү саясат жүргүзүүдө.
Ошондой эле ал куралдуу жаңжал аймактарынан кайтарылган жарандарды реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо терроризмдин алдын алуунун маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргызстан кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүүнү улантып жатканын билдирип, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 2026–2030-жылдарга карата тиешелүү Улуттук стратегиянын долбоору даярдалып жатканын маалымдады.




