Башкы беткеКоомAsman Airlines борт коштоочулар үчүн ачык тандоо күнүн өткөрөт

Asman Airlines борт коштоочулар үчүн ачык тандоо күнүн өткөрөт

Asman Airlines авиакомпаниянын командасынын бир бөлүгү болууну каалагандарга биринчи Open Day — ачык тандоо күнүн өткөрөт.

Авиакомпаниянын өнүгүшүнө жана аба флотунун кеңейишине байланыштуу Asman Airlines борт коштоочуларды жана жер үстүндөгү кызматкерлерин кызмат орундарына кабыл алууну баштайт. Open Day 2-октябрда Бишкекте өтөт.

Бул күнү талапкерлер тандоонун негизги этаптарынан өтө алышат:

каттоо;
тестирлөө;
практикалык тапшырма;
комиссия менен маектешүү.

Бардык негизги этаптар бир күндүн ичинде өтөт. Катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Бул үчүн career.asman.app сайтына өтүп же Asman Airlines инстаграм баракчасындагы шилтемени колдонуп, өзүңүз тууралуу маалыматты толтуруп, арыз калтырсаңыз болот. Арыз каралгандан кийин талапкер менен авиакомпаниянын кызматкерлери байланышат.

Asman Airlines жарандык авиация тармагында өнүгүүнү жана улуттук авиакомпаниянын командасынын бир бөлүгү болууну каалагандардын бардыгын чакырат. Катышуунун шарттары жана бош орундар тууралуу толук маалыматты авиакомпаниянын Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасынан: @asmanair.kg алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар