Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы беш медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 24-октябрдан 1-ноябрга чейин уюштурулган дүйнө биринчилигинде өлкө намысын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 22 балбан коргоду. Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандыктар эки күмүш жана үч коло медалга ээ болушту.
Грек-рим күрөшү боюнча 82 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов, ал эми 72 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов коло медаль тагынды. Кыз-келиндер күрөшүндө 68 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду.
Эркин күрөштө Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш медаль утса, Малик Шаваев (86 кг) коло байгеге татыды.
Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы грек-рим күрөшү боюнча 14-орунду, кыз-келиндер күрөшү боюнча 10-орунду, ал эми эркин күрөш боюнча 6-орунду ээледи.
Жыйынтыгында кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатында өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, жалпы беш медаль менен кайтышты.


