Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 2-ноябрда Москва шаарында Россия Федерациясынын Өкмөт Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анын ичинде ишканалар ортосундагы өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле тараптар бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, бажы жол-жоболорун өркүндөтүү жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча пикир алышты. Мындан тышкары, шайкештикти баалоо документтерин негизсиз берүү учурларын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды.
Жолугушуунун соңунда Данияр Амангелдиев менен Алексей Оверчук эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо багытындагы кызматташтыкты улантууну макулдашты.


