Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Бишкектеги маданий борбордун жана Чыгыш айланма жолунун курулушун текшерди

Адылбек Касымалиев Бишкектеги маданий борбордун жана Чыгыш айланма жолунун курулушун текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 3-ноябрда Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объекттеринин иши менен таанышты.

Алгач мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна салынып жаткан маданий борбордун курулушун көрдү. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Анда алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана көп функционалдуу жайлар болот. Ошондой эле эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай курулууда.

Учурда имараттын ички жасалгалоо, айланасын көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Андан соң Адылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма автомобиль жолунун курулушу менен таанышты. Жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот. Жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метрди, жол жээгиники 2,5 метрди түзөт. Долбоордо көпүрөлөрдү, татаал жол айрыктарын жана башка инженердик курулмаларды куруу каралган.

Иш сапардын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы жооптуу мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга курулуштун сапатын камсыз кылууну, белгиленген нормаларды сактоону жана объекттерди өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар