Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 27-апрелде АКШнын Юта штатынын делегациясын кабыл алды. Делегацияны штат сенатынын төрагасы Стюарт Адамс жетектеп келди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен АКШнын, ошондой эле Юта штаты менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан АКШ менен саясий-экономикалык, маданий жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Ал ошондой эле визалык шарттарды жеңилдетүү жана 10 жылдык виза берүү тажрыйбасын калыбына келтирүү сунушун айтты.
Мындан тышкары, төрага делегацияны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды. Өз кезегинде Стюарт Адамс жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле Юта штатында көк бөрүгө кызыгуу өсүп жатканы белгиленди.


