Башкы беткеКоомДайырбек Орунбеков “Белес” автобусу боюнча кайрадан түшүндүрмө берди

Дайырбек Орунбеков “Белес” автобусу боюнча кайрадан түшүндүрмө берди

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Белес” автобусу тууралуу коомчулукта байма-бай көтөрүлүп жаткан суроолорго кайрадан жооп берди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда “эмне үчүн ата мекендик автобус алынбай, Кытайдан сатып алынып жатат?” деген суроо көп берилүүдө. Бул боюнча мурда да маалымат берилгенин белгилеп, ал негизги себептерге дагы бир жолу токтолду.

Биринчи кезекте, өлкө башчысы кызматка жаңы киришкен учурда аталган автобус чыгарылып жатат делген ишканага барганда, ангарда кол менен чогултулган болгону бир эле автобус болгон. Шаардык транспорт системасын камсыз кылуу үчүн болсо туруктуу иштеген өндүрүш линиясы жана жетиштүү сандагы техникалар талап кылынат.

Экинчиден, “Белес” автобустары тиешелүү сыноолордон өтүп, расмий сертификат алган эмес. Алардын тетиктери сырттан алып келинип, жеринде кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген толук кандуу завод жок болгондуктан, мындай транспорт каражаттарынын коопсуздугу кепилденбейт.

Үчүнчү себеп — баасы. Сунушталган “Белес” автобустары учурда сатып алынып жаткан автобустарга салыштырмалуу 1,5 эсе кымбат болгон.

Төртүнчүдөн, бул автобустар дизелдик кыймылдаткыч менен иштейт. Акыркы жылдары шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында дизелдик маршруттук таксилердин ордуна газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустарга өтүү саясаты жүргүзүлүп келет.

Ошондой эле коомчулукта тараган “Белес” автобустарынын айрым сүрөттөрү реалдуу техника эмес, интернеттен алынган жана графикалык өзгөртүүлөр менен жасалгандыгы белгиленди.

Орунбеков мамлекет ата мекендик өндүрүштү колдоону негизги багыт катары карманып жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, учурда өлкөдө жеңил жана жүк ташуучу унааларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Жакынкы убакта электромобилдерди өндүрүү пландалып, келечекте электробустарга өтүү максаты коюлган.

Ал жарандарды маселеге объективдүү карап, реалдуу шарттарды эске алууга чакырды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар