Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда күн жана шамал станцияларын куруу пландалууда

Кыргызстанда күн жана шамал станцияларын куруу пландалууда

Кыргызстанга Кытайдын China Energy Engineering Investment компаниясы 1 миллиард долларга чейин инвестиция салууга кызыгып жатат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров компания өкүлдөрү менен жолугушууда белгилүү болду.

Жолугушууда Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу маселеси талкууланды. Кытайлык компания жалпы кубаттуулугу 700 МВт болгон долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Анын ичинен 500 МВт күн станциялары, 200 МВт шамал станциялары болмокчу.

Равшанбек Сабиров Кыргызстан жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын айтып, чет элдик инвесторлорго бардык этапта колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдү улантып, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө макулдашты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар