Башкы беткеЭкономикаКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайда Эмгек майрамы белгиленерине байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы бир катар өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде “Эркеч-Там” өткөрүү бекети саат 22:00дөн, ал эми “Торугарт” посту саат 20:00дөн тарта адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотот. Бул пунктулар 2-май күнү саат 08:00дөн тарта кайра иштей баштайт.

Ошондой эле “Бедел” посту 1-майдан 5-майга чейин жабылып, 6-май күнү саат 08:00дө иштей баштайт.

Чек ара кызматы жарандарды сапарды алдын ала пландап алууга чакырат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар