Кыргызстан үчүн Африка артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Того өлкөлөрүнүн жолугушуусунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Ал Кыргызстан менен Того эл аралык уюмдардын шартында, бири-бирин колдоого алып келерин айтты. Ошондой эле Африка өлкөлөрү менен кызматташуу мезгили келгенин кошумчалады.
“Март айында расмий иш сапар менен Гана өлкөсүнүн тышкы иштер министри келип кетти. Бүгүн Того өлкөсүнүн өкмөт башчысы келип отурат. Эми май айында Африка өлкөлөрүнөн дагы бир катар делегациялардын келиши күтүлүүдө. Африка биз үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биз алар эл аралык уюмдардын шартында, бири-бирибизди колдоого алып келебиз. Эң башкысы – дүйнөдөгү жаңжалдар жана каатчылык шартында аталган өлкөлөр менен кызматташуу жана диверсификация абдан маанилүү деп эсептейбиз. Андыктан, биз кызматташтыкты улантабыз ”, – деди министр.


