Башкы беткеМинистрлер кабинетиАлайда селден кийин жугуштуу оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлдү

Алайда селден кийин жугуштуу оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлдү

27–28-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен болгон селден кийин Ош облусунун Алай районунда жугуштуу оорулардын чыгышын жана жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам санитардык-эпидемиологиялык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Иш-чаралар райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан уюштурулуп, ага 15 адистен турган 5 эпидемиологиялык бригада тартылды.

Санитардык-профилактикалык иштер Гүлчө шаары, Курманжан Датка айылы жана Савай участогунун Каримов жана Достук көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар