Бүгүн, 30-апрелде Бишкектеги Жаштык Аренасында туризм жана меймандостук эл аралык адистештирилген көргөзмө — BITF 2026 ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көргөзмө Кыргызстандын жана Борбор Азиянын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы платформа болуп саналат. Негизги максаты — Кыргызстанды туристтик жактан жагымдуу багыт катары жайылтуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана туризм менен меймандостук тармагында жаңы ишкер байланыштарды түзүү.
Жалпы көргөзмө аянтчасында жергиликтүү жана эл аралык 139дан ашуун компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн кызматтарын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп жатышат. Экспозицияда Кыргызстандын жети облусунун туристтик потенциалы, анын ичинде уникалдуу жаратылыш маршруттары, маданий мурастар жана тармакты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары сунушталууда.
Экспозиция төмөнкү багыттарды камтыйт:
- туристтик маршруттар жана багыттар;
- мейманкана жана курорт долбоорлору;
- транспорттук чечимдер;
- саякат тармагындагы санариптик кызматтар;
- автордук турлар жана уникалдуу туристтик продуктылар.
Көргөзмө 2-майга чейин уланат.


