Агартуу министрлиги 2026-жылдын 23-апрелиндеги №545/1 буйругунун негизинде бирдиктүү мектеп формасы боюнча түзүлгөн жумушчу топ өз чечимин чыгарды.
Жумушчу топ мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жана эксперттердин пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтомун өзгөртүүсүз калтырууну туура көрдү. Бул токтом жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды аныктайт.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда кеңири колдонулуп жаткан “үстү ачык, асты кочкул түстө” деген принцип сакталып калат. Бул практика окуу процессинде эч кандай кыйынчылык жаратпай, ата-энелер тарабынан да колдоого алынып келет.
Кыздар үчүн мектеп формасы классикалык стилдеги блузка, юбка, шым, көйнөк, жилет жана пиджактан турса, балдар үчүн көйнөк, шым, жилет жана пиджак каралган. Форманын негизги түстөрү кара, боз, көк жана кочкул кызыл болуп, ачык түстөгү көйнөктөр менен айкалыштырылат.
Ошондой эле формада үчтөн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна уруксат берилет. Бардык элементтер классикалык жана жөнөкөй стилде болушу талап кылынат.
Адистер белгилегендей, бирдиктүү жана токтоо мектеп формасы окуучулардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, кийимге байланышкан атаандаштыкты алдын алууга жардам берет.


