Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 1-майда, Ош облусуна иш сапар менен барды.
Алгач ал Өзгөн шаарындагы борбордук спорт комплексинде салттуу спорттук мелдештердин ачылышына катышты. Мелдешке Өзгөн районунун 13 айыл өкмөтүнөн командалар катышып, футбол, волейбол, шахмат, аркан тартыш, ордо жана башка спорт түрлөрү боюнча күч сынашты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Сөз сүйлөгөн Төрага 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктап, күчтүү мамлекет эмгекчил жана жоопкерчиликтүү жарандардын эмгеги менен түзүлөрүн белгиледи.
Иш сапардын жүрүшүндө Марлен Маматалиев Өзгөн районундагы мектептердин жана бала бакча курулушунун абалы менен да таанышты. Ал эски мектептердин абалы жана жаңы объекттер боюнча айтылган маселелер көзөмөлгө алынарын билдирди.
Иш сапарга Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү катышты.


