Кыргызстан Тринидад жана Тобаго Республикасы менен расмий түрдө дипломатиялык мамиле түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен коммюнике 29-апрелде Нью-Йорк шаарында кол коюлган. Документке БУУдагы туруктуу өкүлдөр — Аида Касымалиева жана Нил Парсон кол коюшкан.
Коммюникеде тараптар БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун принциптерин, анын ичинде суверенитетти урматтоо, аймактык бүтүндүк жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө эрежелерин сактай турганы белгиленген.
Кол коюудан кийин эки тарап БУУ алкагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашып, достук мамилелерди өнүктүрүү жана ар кандай эл аралык уюмдарда бири-биринин талапкерлерин өз ара колдоо ниетин билдиришти.
Тринидад жана Тобаго менен дипломатиялык мамиленин орнотулушу Кыргызстан үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.


