Россиянын президенти Владимир Путин Борис Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин жаңы кампусун куруу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, орус тарап кампусту курууну жана материалдык-техникалык жактан жабдуу милдетин алат.
Баш калаанын четине университеттин жаңы кампусун куруу боюнча макулдашууга Владмир Путиндин 2023-жылы Бишкекке жасаган сапары учурунда жетишилген. Кыргызстан Байтиктен 30 гектар жер бөлүп берип, инфратүзүмүнө байланыштуу маселелерди чечип бериши керек.


