Талас облусунда токойлорду калыбына келтирүү иштеринин алкагында 100 гектар аянтка 83,8 миң Тянь-Шань карагайынын көчөтү отургузулду.
Долбоор «АДАПТ» программасы аркылуу ишке ашырылып, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатууга багытталган.
Адистердин маалыматына караганда, токой аймактары ашыкча мал жаюу, кургакчылык жана топурактын эрозиясынан жабыркап келет. Көчөттөрдү коргоо үчүн 8,6 чакырым тосмо куруу пландалууда.
Долбоордун жалпы бюджети 8,8 млн сомду түзөт. Бул демилге аймактын экологиялык абалын жакшыртып, сел жана эрозия коркунучтарын азайтууга жардам берет.


