Бүгүн, 7-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда Чайна Петроль Компани” ЖАКка таандык мунайды кайра иштетүүчү заводго барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Көчмө жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, заводдун өкүлдөрү жана кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоону жакшыртуу багытындагы иштер, ошондой эле ишкананын учурдагы маселелери талкууланды.
Эрлист Акунбеков жетектеген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү заводдогу модернизациялоо иштеринин учурдагы этабы жана өндүрүш объектилеринин даярдык деңгээли менен жеринде таанышышты. Мындан тышкары, заводдун аймагында индустриалдык парк куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.
Жолугушууда аталган долбоор өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө, мунайды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүдө жана жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү экени белгиленди.
Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга жана заводдун жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берип, модернизациялоо иштерин өз мөөнөтүндө сапаттуу аяктоо зарылдыгын белгиледи. Маалыматка ылайык, заводду модернизациялоо иштери быйыл жыйынтыкталышы пландалууда.


