Башкы беткеМинистрлер кабинетиТүндүк-түштүк жолунда үч тейлөө пункту курулат

Түндүк-түштүк жолунда үч тейлөө пункту курулат

Түндүк–түштүк альтернативдүү унаа жолунда үч жол тейлөө пунктунун курулушу башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, алар Балыкчы – Жалал-Абад жолунун 107, 261 жана 358-чакырымдарында жайгашат. Учурда курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында жүрүп жатат. Ал эми Сары-Камыш тилкесиндеги 261-чакырымдагы объект боюнча тиешелүү документтер толук бүткөн соң курулуш башталары белгиленди.

Долбоордун негизги максаты — жол тейлөө иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу, кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу жана кооптуу тилкелердеги тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Жол тейлөө пункттары сел жүрүү, таш кулоо жана кыш мезгилинде көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактарда курулуп жатат. Бул өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, тез чара көрүүгө шарт түзөт.

Маалыматта белгиленгендей, аталган жолдун курулушуна жалпысынан 937 миллион доллар көлөмүндө насыя каражаты тартылган. Анын 46 миллион доллары грант түрүндө берилген. Бүгүнкү күнгө чейин 560 миллион доллар өздөштүрүлгөн.

Курулуш иштерин China Road & Bridge Corporation компаниясы аткарууда. Ал эми  негизги каржылоочулары катары Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы көрсөтүлгөн.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар